Үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Бишкекте 76 жаштагы карыя изделүүдөБишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу өчүрүлөтБалыкчыда мурда соттолгон жарандардан дээрлик 3 килограмм баңгизат табылдыСадыр Жапаров Ош шаарынын мэрине катуу сөгүш жарыяладыКыргызстандык Мэри Кувакова «Аалам сулуусу» сынагына катышатКытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу. Курулуш иштерин тездетүү тапшырылды
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстандагы иш сапары жыйынтыкталды
28.07.2019 | 16:49
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 28-июлда өзүнүн иш сапарын жыйынтыктап, Кыргызстандан учуп кетти.
«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Эмомали Рахмонду өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков узатты.
Эске салсак, Тажикстандын Исфара шаарындагы сүйлөшүүлөрдөн кийин мамлекет башчылары сүйлөшүүлөрдү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында улантышты.
Эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери, анын ичинде мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесси талкууланды.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат