Бишкек шаарындагы президент жана Жогорку Кеңештин депутаттары отурган Ак үйдө өрт чыкты.
Учурда аталган имараттын үчүнчү кабатынан кара түтүн чыгып, эки өрт өчүрүү автоунаа келип, тилсиз жоону өчүрүү аракетин көрүүдө.
5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты басып алышкан. Анда президент отурган жетинчи кабатка чейин адамдар кирип барышкан. Митингчилер бул имаратка «Ордо» партиясынын лидери Мээрбек Мияровду комендант кылып дайындашкан.