Садыр Жапаров Вашингтондогу C5+1 саммитине катышатПайдасыз каракчылык: Кыргызстанда төрт киши инкассаторго кол салып, эч нерсе таба алышкан жокБыйыл Элдик курултай 25-декабрда өтөтТаш-Көмүрдүн вице-мэри жана дагы бир жетекчи кармалдыСалык кызматкерлери Швейцариянын SICPA ишканасына барып, тажрыйба алыштыБишкектин жаңы башкы планы: ар райондун өз борбору болот
ЖК депутаттары Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоого даярданууда
07.10.2020 | 23:55
Жогорку Кеңештин депутаттары президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоого даярданууда. Бул тууралуу ЖК депутаты Рыскелди Момбеков билдирди.
Анын сөзүнө караганда аталган маселе бүгүнкү Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында күн тартибине киргизилип, анын жыйынтыгында 20дан ашуун депутат кезексиз жыйында аталган маселени кароону колдошкон.
“40 депутат чогулду, бирок көпчүлүгү кетип баштагандыктан 20 депутат кол коюуга жетишти. Ушул да жетиштүү. Импичмент маселесин баардык фракциялардын өкүлдөрү демилгелешти.
Аягында кезексиз жыйын чакырып, жаңы курамды шайлоону жана президентти импичмент жолу менен четтетүү чечими кабыл алынды” – деди эл өкүлү.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат