Быйыл үй-бүлөлүк зомбулуктан 31 адам каза таптыБишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу токтотулатКамчыбек Ташиев үч баланын энесинин өлүмүнөн кийин катуу билдирүү жасадыИлим жана жогорку билим берүү министринин милдетин аткаруучу дайындалдыКаныбек Досмамбетов Саламаттык сактоо министри болуп дайындалды«Алтын стандартка» карай жол: Япония менен Борбор Азиянын кызматташтыгы кандай өнүгүүдө
ЖАМК Салянованын ден-соолугунун начарлашы тууралуу маалыматты четке какты
31.07.2019 | 12:56
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын ден-соолугу канаттандырарлык. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.
ЖАМК Салянованын ден-соолугунун начарлашы тууралуу маалыматты четке какты.
«Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалган Салянованын ден-соолугу салыштырмалуу канааттандырарлык. Ал дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Ал ооруканага жатып дарыланууга муктаж эмес. Учурда анын абалы канааттандыраарлык. Биздин дарыгерлер менен операция кылууга сүйлөшүү болгон. Бирок Салянова Кыргызстандын шартында жасала турган операциядан баш тарткан», – деп маалымат беришти.
Белгилей кетсек, Аида Салянова 3-июнь күнү кечинде Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кармалып, 26-августка чеийин камакта калтырылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат