Кыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйтКытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйтӨкмөт башчы Бишкек жана Чүйдөгү ооруканаларды текшерип, бир катар көйгөйлөрдү аныктадыОштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдө
Токой чарба агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамов кармалды
31.07.2019 | 16:12
Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин башчысы Абдыкалык Рустамов УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалды. Маалыматты күч стуруктурасындагы өздүк булактар Reporter.kg агенттигине тастыктады.
Атайын кызмат аны үйүнөн кармап кеткен. Рустамовдун кайсы айыптын негизинде жана эмне себептен кармалганы айтыла элек. УКМК маалыматты тастыктаган да четке каккан да жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар