Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун эл аралык уюмдардын башчылары, чет мамлекеттердин ардактуу консулдары менен болгон жолугушуусунун өтпөй калышы боюнча өкмөт билдирүү тартты.
Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, жолугушуу 28-октябрга белгиленген.
Бирок, 28-октябрда өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземи болгондуктан жолугушуу өтпөй калган.
Өкмөт жолугушуу өтө турган күн боюнча кошумча маалыматтар берилерин айтты.