Кыргызстан менен орусиялык компания өлкөдө өстүрүлгөн балыкты экспорттоону пландаштыруудаТаш-Көмүр – Кербен жолундагы сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилүүдөНоокенде селден жабыркаган турак жай ээлерине камсыздандыруу төлөмдөрү берилдиToonDook Festival: дүйнөлүк анимациянын белгилүү өкүлдөрү Бишкекке келишет«Кең-Сай» өткөрмө пунктунда маркаланбаган 19,6 тонна күрүч жана куркума Пакистанга кайтарылдыПрезидент бир катар ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды ыйгарды
Израил Иранга кол салды. Аскерлер менен илимпоздор жоготууга учурады
13.06.2025 | 09:36
13-июнга караган түнү Израил Иранга бир катар сокку урду. Tasnim агенттигинин маалыматына ылайык, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командачысы Хоссейн Салами, генерал-майор Голам Али Рашид, ошондой эле эки улук өзөктүк илимпоз доктор Тегеранчи жана Ферейдун Аббаси өлтүрүлгөн.
Ynet басылмасы буга чейин Ирандын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы генерал-майор Мохаммад Багеринин кызматтан алынышы мүмкүн экенин билдирген.
Израилдин соккусунан кийин АКШнын мамлекеттик катчысы Марк Рубио Вашингтон операцияга катышпаганын билдирди. Ал кошумчалагандай, Израил АКШга Иранга каршы аракеттери тууралуу кабарлап, муну өзүн-өзү коргоонун зарылчылыгы катары түшүндүргөн.
Рубрики: Жаңылыктар