УКМК: Сүйүн Өмүрзаковдун иниси боюнча териштирүү жүрүп жатат

УКМК: Сүйүн Өмүрзаковдун иниси боюнча териштирүү жүрүп жатат

Ош шаарынын тургуну Канназар Ыдырысовдун президенттин м.а.,  өкмөт башчы Садыр Жапаровго кайрылуусунан кийин ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун иниси Улукбек Өмүрзаков суракка чакыртылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Атайын кызматтын билдирүүсүндө айтылгандай, Ыдырысовдун кайрылуусунан кийин ал УКМКнын Оштогу башкармалыгына чакырылган, эртеси арыз менен кайрылган.

Иш Ош шаардык прокуратурасы тарабынан сотко чейинки өндүрүшкө алынып, материалдар шаардык милицияга өткөрүлүп берилген. Өмүрзаковго карата тиешелүүчечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага маалымат жөнөтүлгөн.

Белгилей кестек, 3-ноябрь күнү Садыр Жапаровдун Оштун тургундарынын жолугушуусунда Канназар Ыдырысов аттуу жашоочу «Өмүрзаковдор» акчалуу кишилерден үлүш алып жатканын айтып, бул маселени чечүүнү суранган. Аталган кайрылуусунан кийин ал Улукбек Өмүрзаков тарабынан кысымга кабылганын айтып чыккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>