Курулуш министрлигинде 1,5 млрд сомдук каржылык бузуулар аныкталдыСокулукта жоголуп жаткан 9 жаштагы Нурислам табылдыКыргызстандын парламентинин төрагасы Москвада эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо маселелерин көтөрдүКыргызстан жерлерди калыбына келтирүү боюнча эл аралык программага кошулдуКытайлык компания Кыргызстанда дрон чыгаруучу завод курууну пландоодоБишкекте ысык суунун тарифи өзгөрдү
Садыр Жапаров Казакстандын премьер министри менен эки тараптуу кызматташууну талкуулады
06.11.2020 | 10:26
Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Аскар Мамин Садыр Жапаровду жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишиндеги ийгиликтерди каалады.
Андан соң өкмөт башчылар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана мурда жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышын талкуулады.Тараптар келечекте эки өлкө аралык өз-ара аракеттешүүнү кеңейтүү боюнча биргелешкен пландарды белгилешти.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Садыр Жапаров Кыргызстан жана Казакстан ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, жакшы коңшулаш мамиленин чыңдалышына ишеним билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат