Ала-Букада базарлар жабылды – видео

Ала-Букада базарлар жабылды – видео

Ала-Букада базарлар белгисиз мөөнөткө чейин жабылды. Бул тууралуу “Репортерго”  Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ала-Бука районунун айыл аймактарында жума жана ишемби күндөрү жергиликтүү тургундар үчүн бир күндүк мал базар жана кийим сатуучу жайлар иштеп келген. Ал эми жекшемби күнү Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондорунун тургундары борбордук базарга келишип жайма базар жана мал базарда соода кылып келишкен.

Алар эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу райондук штабдын чечиминин негизинде белгисиз мөөнөткө чейин ишин токтоткон.

Буга байланыштуу милиция кызматкерлери базарларга барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Анын алкагында мал базарга алыскы аймактардан келүүчү тургундарга убара тартып келбөө керектиги эскертилип, илдет азайбай жаткандыгы, тургундар бул кырдаалды туура түшүнүү менен кабыл алып, оору менен күрөшүүдө жоопкерчиликтүү болуу керектиги айтылган.

Ошондой эле маалыматта мындан сырткары милиция кызматкерлери көңүл ачуу борборлордо, соода түйүндөрдө, коомдук тамактанууу жайларда санитардык эрежелердин сакталышын санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлери менен биргеликте текшерүүгө алып жаткандыгы айтылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>