Ички иштер министрлигинин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматы талаага катылган курал-жарак жана ок-дарыларды аныкташты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Такталгандай, 25-октябрда Балыкчы шаарынын түштүк тарабында жайгашкан дамбага эки адам белгисиз буюмдарды көмүп жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн.
Алынган маалыматтын негизинде Жазык кодексинин 253- беренеси (“Куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү”) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
[su_image_carousel source=»media: 47526,47525,47524″ crop=»none» autoplay=»4″]
7-ноябрь күнү ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде Балыкчы шаарынын Тоголок Молдо жана Арчалы көчөлөрүнүн кесилишиндеги дамбанын түндүк тарабы жакта таштарга көмүлгөн көгүш түстөгү спорттук сумка табылган.
Анын ичинен АКСУ-5,45 мм үлгүсүндө Калашников автоматы, магазини жана 30 огу менен, граната, 2 жуп беткап, кол кап, бычак ж.б. буюмдар чыккан.
Аталган факт боюнча соттук-химиялык, соттук-балистикалык, соттук-дактилоскопиялык, соттук-криминалисттик экспертизалар дайындалды.
Учурда жогорудагы кылмыш иштерине тиешеси бар адамдардын өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары, тергөө амалдары жүрүп жатат.