Интернет шылуундугу: Жаранды 14 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалдыЫсык-Көлдө көк бөрү оюну учурунда чыккан чырдан бир адам каза таптыАйсулуу Тыныбекова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын амбассадору болдуБишкекте май куюучу жайларда күйүүчү майга чектөө киргизилип жатканы айтылуудаБаткенде бодо малды өлкөдөн чыгарууга аракет кылгандар кармалдыЖанынан курал жана баңгизат табылды. Көлбаевдин уюшкан тобуна тиешеси бар жаран кармалды
Тайырбек Сарпашев Финполго суракка чакыртылды
30.11.2020 | 11:46
Мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына (Финансы полициясы) суракка чакыртылды. Бул тууралуу “Репортерго” өздүк булактар кабарлады.
Буга чейин Финпол Тайырбек Сарпашевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү баштаганын кабарлаган.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, ал мамлекеттик кызматта жетекчи болуп турган учурда көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алып туугандарына каттаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат