Бишкекте жылуулук түтүгү өткөн кудуктан адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 30-ноябрда саат 12:40тар чамасында Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү Онкология институтунун жанындагы жылуулук түтүгү өткөн кудуктан 1973-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Окуя болгон жерге барган ӨКМнын куткаруучулары маркумдун жансыз денесин кудуктан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.