Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Россияда кармалган кыргызстандык Бишкекке алып келинип, камалды
22.11.2024 | 13:20
Россияда иштеген Кыргызстандын жараны Турду Акматалиев «Фейсбуктагы” билдирүүсү үчүн кармалып, Кыргызстанга алынып келип, камалган. Бул тууралуу “Азаттык” жазды.
Маалым болгондой, Турду Акматалиев быйыл 22-мартта Красноярск шаарынан кармалып, 28-октябрда Кыргызстанга алып келинген.
Жакындарынын айтымында, 63 жаштагы Турду Акматалиев “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү болгон. Ал 2017-жылдан бери Россияда курулуш тармагында эмгектенип жүргөн.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) боюнча айып тагылууда. 31-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 30-ноябрга чейин камакка алуу чечимин чыраган. Бул маалыматты соттон ырасташты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом