Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын лидерлери Чолпон-Ата декларациясына кол коюштуИИМ жашыруун баңгизат лабораториясынын ишмердүүлүгүнө бөгөт койдуАзербайжандын президенти Садыр Жапаровго Гейдар Алиев орденин тапшырдыБорбордук Азия жана Азербайжан өлкө башчылары Чолпон-Ата декларациясына кол коюштуБУУ: 300 миңден ашуун адам кибералдамчылыкка мажбурлануудаЭмомали Рахмон Борбордук Азия өлкөлөрүнө биргелешип ири мунай иштетүүчү завод курууну сунуштады
Кыргызстан чет жакка 3875 тонна кара өрүк экспорттоду
22.11.2024 | 11:44
Кыргызстан быйыл чет жакка 3875 тонна кара өрүк экспорттоду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Кыргызстанда кара өрүк жалпы 2325 га жерге тигилген. Ал негизинен Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука, Талас облусунун Бакай-Ата райондорунда өстүрүлүп, Казакстан, Өзбекстан жана Россияга сатыкка чыгат.
Ошондой эле Кыргызстандан чет жакка кара өрүктүн кагы да экспорттолот.
“Кара өрүктүн курамында адамга керектүү темир, кальций, фосфор, магний, маргенец ж.б бир топ керектүү витаминдер бар. Ошондой эле ал, ичеги-карындын, жүрөк кан тамыр системаларынын иштөөсүнө, бөйрөк, боор ооруларын алдын алып, остеопороз менен күрөшөт. Андан сырткары, рак клеткаларынын өсүшүнө тоскоолдук жаратат”, – деп билдирет министрлик.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом