Садыр Жапаров келерки жылы студенттер аймактарга ротацияланарын билдирдиКыргызстандын банктарына чет өлкөлөрдө филиалдарын ачууга уруксат берилди: Садыр Жапаров жарлыкка кол койдуЖККУ Беларуста биологиялык коркунучтардан коргонуу боюнча «Барьер-2026» машыгууларын өткөрөтЧүй облусунда эки жаранды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип, төрт адам кармалдыТокмоктун мурдагы мэри Максат Нусувалиев абактан чыгарылып, иши кайра кароого жөнөтүлдүАдылбек Касымалиев Бишкектеги Соттук-медициналык экспертиза борбору үчүн жаңы имарат курууну тапшырды
COVID-19: Дагы беш адам каза болду
05.12.2020 | 11:42
Соңку бир сутка ичинде дагы 5 адам коронавирус илдетинен каза болду. Республикалык штабдын маалыматына караганда, адам өмүрүн алган учурлардын баары Бишкек шаарында катталган.
Республикалык штаб шондой эле, соңку суткада 401 адамдын анализинен коронавирус аныкталганын билдирди. Илдет жуктуруп алгандардын көбү Чүй облусунда катталган, 133 учур. Ал эми бир сутка ичинде 425 адам коронавирустан айыгып чыккан.
18-марттан 5-декабрга чейин өлкөдө жалпы 74 774 адам коронавирус жуктуруп алган. Ал эми 66 538 киши ооруну жеңип чыккан. Илдеттен улам 1290 адам өмүр менен кош айтышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом