Союп коёюнбу?! Кыздын кекиртегине бычак такаган окуя боюнча милиция маалымат берди – видео

Союп коёюнбу?! Кыздын кекиртегине бычак такаган окуя боюнча милиция маалымат берди – видео

Интернтке тарап жаткан эки кыз бир кызды басып алып бычак такаган окуя боюнча Жалал-Абад облустук милициясы маалымат берди.

Маалыматка караганда, окуя ушул жылдын 17-августтунда Жалал-Абад шаарында болгон. Милицияга кайрылган 26 жаштагы кыз, ага бычак такап зомблук көрсөткөндөргө чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факты Жазык кодексине ээнбаштык беренеси менен катталып, сотко чейинки тергөө башталган. Тергөөнүн алкагында бул кылмышка шектүү катары 26 жана 23 жаштагы Ош облусунун тургундары кармалып, камакка алынган.

Соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен алардын баш коргоо чарасы карлып, бычак такаган 26 жаштагы кыз камакта калтырылып, окуяны телефон менен видеого тарткан кыз үй камагына чыккан. Кылмыш иш тергелип бүтүп соттун кроосуна жиберилген.

Учурда интернетте 2 кыз бир кызды басып алып, бычак такап, уят сөздөр менен сөгүп, уруп коркутуп жаткандыгы тууралуу видео тарап интерент колдонуучуларынын талкуусуна түштү.

Эскертүү! Видеодо сөгүнгөн уят сөздөр бар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>