Акыркы суткада 232 адамдан илдет аныкталды

19.12.2020 | 10:54

Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясы дагы 232 адамдан аныкталса, 408 бейтап аталган илдетти жеңип чыкты. Маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.

Бишкек – 67, Ош – 4, Чүй облусу – 59, Ош облусу – 16, Талас облусу – 5, Нарын облусу – 5, Ысык-Көл облусу – 47, Жалал-Абад облусу – 14, Баткен облусу – 15.

Муну менен өлкөдө коронавирус инфекциясы аныкталгандардын жалпы саны 78 миң 911ге жетти.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда: Бишкек – 115, Ош шаары – 15, Чүй облусу – 135, Ош облусу – 27, Талас облусу – 11, Нарын облусу – 8, Ысык-Көл облусу – 42, Жалал-Абад облусу – 34, Баткен облусу – 2.

Өлкөдө коронавирустан айыккандардын жалпы саны 72 миң 459га жетти.

Scroll to Top