Чүйдө турак жайдан өрт чыгып, бир адам көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 22-декабрга караган түнү таңга маал Москва районуна караштуу Ак-Суу айылындагы турак жайлардын биринен өрт чыкканы тууралуу ӨКМга маалымат түшкөн.
Өрттүн кесепетинен 74 жаштагы аял каза болгон.
Учурда тилсиз жоо чектөөгө алынган, аны толук өчүрүү иштери уланууда.