Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
“Тазалыктын” сабалып, ооруканада жаткан кызматкеринен мэр кабар алды
26.12.2020 | 14:30
Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков белгисиз адам тарабынан сабалган “Тазалык” ишканасынын кызматкеринен кабар алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Учурда ооруканада дарыланып жаткан аялга калаа башчысы барып, окуяга укуктук баа берилүүсүнө кызыктар экенин айтты. Аны менен бирге жабырлануучуга материалдык жардамын тапшырды.
Эскерте кетсек, Тазалык кызматкери Маргуба Хакимова 24-декабрь таңга маал саат 5терде белгисиз адам тарабынан сабалган. Бул боюнча шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси жеке көзөмөлүнө алганын билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом