Бишкекте Ысык-Көл борбор катары көрсөтүлгөн орто кылымдагы карта орнотулатКүн ачык болот: 22-февралдын аба ырайыСадыр Жапаров Тергөө комитетин түзүүнү жарыялап, УКМКга экономикага кийлигишүүгө тыюу салдыШвейцария Кыргызстандагы баштапкы медициналык-санитардык жардам реформаларын колдоону улантатАйыл чарбасына жасалма интеллектти киргизүү ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн алдыга озуп чыгуусун камсыздайт21-февраль: Көпчүлүк аймактарга жаан, кар жаайт
«Ата Мекен» фракциясынын лидери алмашты
05.01.2021 | 14:54
Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өз каалоосу менен фракциянын лидерлигинен кетип, анын ордуна Айсулу Мамашева фракция лидери болду. Мындай чечим фракциянын 5-январдагы кезексиз жыйынында кабыл алынды.
Фракциянын лидеринин орун басары болуп, Наталья Никитенко шайланды.
Ошондой эле жыйында депутат Клара Самат «Ата Мекен» фракциясынан чыгарылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат