Улуттук банк инфляцияны басаңдатуу үчүн эсептик ченди 10%га чейин жогорулаттыАйыл чарба министрлиги дыйкандарды күздүк буудай эгүүгө чакырдыZ мууну экрандагы ашыкча эротикадан чарчады — жаштар достукту жана реалдуулукту көбүрөөк каалашатБаткенде ээн калган заводдун аймагында ири өрт чыктыСадыр Жапаров Сузакта 945 батирден турган “Асман Резиденс-4” комплексин ачтыАр бир кыргызстандык акысыз түрдө IT-көндүмдөрүн үйрөнө алат — «One Million Coders» программасы башталды
Стамбулдан Бишкекке келе жаткан учак аба ырайына байланыштуу Алматыга конду
29.01.2021 | 18:03
Стамбулдан Бишкекке келе жаткан учак аба ырайына байланыштуу Алматыга конду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-январда Стамбул-Бишкек каттамы менен келе жаткан учак аба ырайына байланыштуу Алматы шаарындагы аэропортко конгон. Аталган учактын Алматыдан Бишкекке учуусу 30-январда саат 00:45ке пландалган.
Ал эми Стамбул-Бишкек каттамы менен келе жаткан учактын жүргүнчүлөрү тамак-аш жана мейманкана менен камсыз болгон.
Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу кырдаалды жеке көзөмөлүнө алган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом