Бишкек менен Тбилиси муниципалитеттер аралык кызматташтыкты тереңдетүүнү талкуулаштыКыргызстанда 17 мектеп жана 3 бала бакча пайдаланууга берилдиТүштүк Кореядагы массалык мушташта кыргызстандыктар жабыркады — КР ТИМи«Бала ырысы» жөлөк пулун алуучулардын саны октябрь айында 252,7 миңге жеттиГрузиядан алдамчылыкка айыпталган эки адам Кыргызстанга экстрадицияландыИлгиз Тапаев «Учкун» ААКтын башкы директору болуп дайындалды
Бишкекте Жибек-Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат
20.02.2026 | 16:51

22-февраль саат 18:00дөн 23-февраль саат 06:00гө чейин Бишкек шаарында Жибек-Жолу проспектисинин Будённый көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.
Бул убакыт аралыгында аталган тилкеде жер үстүндөгү жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн темир конструкцияларын орнотуу иштери жүргүзүлөт.
Жолдун жабылышына байланыштуу 8 автобустук каттамдын кыймыл багыты убактылуу өзгөрөт. Алар: №2, №21, №36, №40, №48, №71, №118 жана №254 каттамдар.
Транспорттук чектөөлөргө байланыштуу шаар тургундарына жана конокторуна каттамдарын алдын ала пландап, альтернативдүү жолдорду пайдалануу сунушталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом