Кыргызстандын тышкы карызы 4.2 млрд долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 4.2 млрд долларга жетти

2020-жылдын декабрь айынын аягына карата мамлекеттик карыздын көлөмү 4 млрд 928.67 млн долларды же 407.3 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Мамкарыздын 85,6% тышкы карызды түзөт: 4.2 млрд доллар же 348.8 млрд сом. 14.4% ички карыз — 708.36 млн доллар же 58.5 млрд сом.

Белгилей кетсек, январда мамкарызды төлөөгө 2.3 млрд сом жумшалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>