Токмок шаарындагы Ленин көчөсү №337 дарегинде жайгашкан «ККП» ишканасынын аймагында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылган.
Ишкананын аймагында чыккан өрт саат эртең мененки 08:58де чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатканы айтылат.