Бишкекте ишкерди алдап ири суммадагы акчасын алган шектүү кармалды

Бишкекте ишкерди алдап ири суммадагы акчасын алган шектүү кармалды

Бишкекте ишкерлерди алдап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырк алты жаштагы жаран милицияга арыз менен кайрылып, анда 2019-жылы Бишкек шаарында  чала тааныш адам ишенимге кирип, экскаваторду сатып алууну сунуштап, алдын ала төлөм катары 10 000 АКШ долларын алып, убадасын аткарбай койгон.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында кылмыш ишине тиешеси бар жарандын өздүгү такталган. Шектүү Нарын облусунун Жумгал районунун 1986-жылы туулган жараны С.М. экендиги аныкталган. Ал ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат.

Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери С.М. аттуу жаранды кармашып, тергөө органына өткөрүп беришкен. Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканы кабарланат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>