Барскоон – Бедел унаа жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдүБаткенде аскер кызматкери оор жаракат алды: депутат шашылыш жардам көрсөтүүнү сурандыКыргызстанда жарандарды каттоо эрежелерин жөнөкөйлөтүү сунушталдыБишкекте ат минип эс алуу: 5 метр алыстык жана кенеге каршы спрейТүркиядагы эл аралык турнирде кыргызстандык мушкерлер эки алтын, бир күмүш медаль жеңиштиКыргызстан эл аралык каржы институттарынан 959 млн долларга чейин каражат тартууну пландаштырууда
Алтын-Ордо конушуна 480 орундуу мектеп курулат
23.03.2021 | 10:56
Бишкек шаарындагы Алтын-Ордо жаңы конушуна 480 орунга ылайыкталган мектеп курулат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Алтын-Ордо-14 көчөсүндө жайгаша турган жалпы билим берүү мекемесинин долбоордук-сметалык документациясы толугу менен даярдалып бүткөн. Жарыяланган тендер Бишкек мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу ишке ашат.
Тендердеги алгачкы сметалык баа 122 миллон 565 миң сом деп көрсөтүлгөн. Долбоор толугу менен шаардык бюджеттен каржыланары айтылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом