Кыргыз Премьер-лигасынын 5-турунун оюндары “Аялдарга карата зомбулукка каршы” акциясынын алкагында өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын кесипкөй футбол лигасынан билдиришти.
10-апрелде Кыргыз Премьер-Лигасынын 5-турунун алкагында «Кара-Балта» — «Нефтчи» оюнунда футболчулар «Аялдарга карата зомбулукка каршы» акциясына утурлай оюн талаасына беттерине кызыл сызык менен чыгышты.
Кант шаарындагы «Спорт Сити» стадионунда өткөн оюнда 1:2 эсебинде муунайчылар жеңишке жеткен. Анда “Нефтчиден” Семетей Данияров менен Арген Жуматаев гол киргизсе, Чүйдүн командасынан Станислав Геращенко айырмаланган.
Бул акция 11-апрелде орун алуучу “Дордой” – “Абдыш-Ата” жана “Илбирс” – “Алай”, ошондой эле 12-апрелде өтүүчү “Каганат” – “Алга” оюндарында да уланат.