Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы билим берүү долбооруна 6,36 млн доллар каржыладыМихаил Фрунзенин мемориалдык үй-музейинин 100 жылдыгына арналган көргөзмө өтөтКоомдук тамактануучу жайларда тейлөө үчүн кошумча акы алууга тыюу салындыКыргызстан айыл чарбага спутниктик технологияларды киргизүүдөБакыт Төрөбаев: Айылдарда ичүүчү суу көйгөйүн чечүү үчүн 1,2 млрд доллар инвестиция керекТөлөп беребиз деп убадалап, дайынсыз жоголушкан: Чүй облусунда алдамчылык фактысы аныкталды
Райымбек Матраимов эркиндикке чыкты
15.04.2021 | 11:13
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго козголгон кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Матраимовдун кылмыш иши токтотулуп, баш коргоо чарасы жокко чыгарылды. Ал өз ыктыяры менен базар баасы 20 миллион сомдон жогору жалпы аянты 232,3 чарчы метр батирин мамлекеттин бюжетине өткөрүп берди.
Белгилей кетсек, Райымбек Матраимов 18-февралда кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.