«Гавайинин» ээси Журат Абдуллаев өз үйүндө кайтыш болдуОш мэри: Өрттөнгөн көп кабаттуу үй мэриянын эсебинен оңдолотОш шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кетти
23-апрель: Коронавирус 272 адамдан аныкталып, 7 киши каза болду
23.04.2021 | 10:04
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 272 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, соңку суткада 3670 кишиден ПЧР тест алынган.
Алар:
Бишкек шаарында – 148;
Ош шаарында – 6;
Чүй облусунда – 86;
Ош облусунда – 4;
Талас облусунда – 2;
Нарын облусунда – 3;
Ысык-Көл облусунда – 18;
Жалал-Абад облусунда – 4;
Баткен облусунда – 1.
Ошондой эле инфекция 2 медицина кызматкеринен табылган.
Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 163 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 4, Чүй облусунда 3 киши каза болду.
Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери COVID-19 93 миң 278 адамдан аныкталды. Анын ичинен 87 миң 717 бейтап айыгып, 1 миң 573 киши каза болду.
Рубрики: Жаңылыктар