Президенттин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү алмаштыБишкекте кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйыны өттүБишкек соода орундарынан түшкөн жалпы кирешенин 60 пайыздан ашыгын камсыздайт. Базарларга талдооКыргызстанда Улуттук лабораториялык кызмат түзүлөтЫр, сүрөт жана башка чыгармаларды күрөөгө коюп насыя берүүнү киргизүү сунушталуудаПрезиденттик шайлоону өткөрүү боюнча кайрылуу: кармалган саясатчылар 2 айга камалды
Чек ара чырында Тажикстанда 19 адам каза болуп, 87си жаракат алган
06.05.2021 | 16:27
Кыргызстан менен болгон жаңжалда 19 адам өлтүрүлүп, 87 адам жаракат алган. Бул тууралуу Согди облусунун өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.
“Тажик тарап курман болгондордун тизмеси бир нече күн мурун жарыяланган, бирок кыргыз тарап жаңжалдан каза болгондордун санын байма-бай жарыялап, жалпыга маалымдоо каражаттарына статистиканын тизмесин такай жаңыртып турган”, – деп айтылат маалыматта.
Согди облусунун администрациясы тарабынан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 700 миң сомани (бир үй-бүлөгө 70 миң соманиден) өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлгөн. Ал эми тажик өкмөтү каза болгондордун жана жаракат алгандардын үй-бүлөлөрүнө жардам берүү үчүн 3 миллион сомони бөлгөн айтылат.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар