Мурдагы депутат Кубанычбек Конгантиев эки айга камалдыЖактоочу ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалдыБишкекте Кыргызстандын универсиадасы өтүүдөКыргызстанга 31 млн сомдон ашык суммадагы БАДдарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлдуАуэзов көчөсүндөгү соода күркөлөрү алынып, ордуна сквер курулатКыргызстандыктар кайсы тармактарда эң көп киреше табышат?
Чүй облусунда баңгизат саткан адам кармалды
14.05.2021 | 15:18
Токмок шаарында баңгизатын мыйзамсыз сактоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Токмок шаарында 1975-жылы туулган Д.Б. аттуу жарандын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, ага кызматтык ит колдонулган. Тинтүү учурунда сандыктын ичинде айнек идишке салынган беш даана оролгон өзгөчө жыты бар баңги затына окшош зат табылган.
Алынган заттын салмагы 61,72 граммды түзүп, ага экспертиза дайындалып, кармалган жаран тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Бул факты 268-берене (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен катталган.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылып жатканы айтылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар