Бишкекбашкыархитектура имараттарды бирдиктүү дизайн-кодго келтирүү үчүн документтердин жана талаптардын тизмесин сунуштадыНАТО Гренландиянын карама-каршылыктарынын астында кыйроого учуроодоЕЭК ЕАЭБдеги электрондук сооданын бирдиктүү эрежелери жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактырдыАйыпталуучудан 3 миң доллар талап кылышкан. Ошто эки тергөөчү кармалдыКМШ өлкөлөрү кургак учук менен күрөшүү боюнча биргелешкен аракеттер жөнүндө макулдашууга жетиштиЖогорку Кеңеш Кыргызстандын аймактарында суу менен камсыздоону жакшыртуу үчүн насыяны жактырды
Бишкекте коронавирус аныкталган сегиз мектеп карантинге жабылды
21.05.2021 | 11:30
Бишкек шаарында коронавирус аныкталган 8 мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу мэриянын билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлмира Акматова маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, жыйырма сегиз мектептен 49 класс онлайн окууга өткөн. Салттуу режимде окуп жаткан окуучулар арасында коронавирус жуктуруп алган 69 учур катталган. Ал эми илдетке каршы вакцинациядан 349 мугалим өткөн.
Белгилей кетсек, учурда Бишкекте 5-класска чейинки окуучулар жана 9, 11-класстын окуучулары салттуу режимде окуп жатышат.
Рубрики: Жаңылыктар