Экспорттук рекорд: Өзбекстандын тышкы соодасынын көлөмү 35 жылда 18 эсеге өстүОшто туристтик сезон расмий түрдө ачылдыКазакстандын Энергетика министрлиги мунайды кайра иштетүү кубаттуулугун эки эсеге арттырууну жана Борбордук Азиядагы позициясын чыңдоону пландаштырууда«Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолунун курулушу: бүгүнкү күндө кандай иштер жасалуудаЕАЭБ өлкөлөрү авиациялык мыйзамдарды шайкеш келтирүүгө киришишетИран АКШга карата талаптарын катаалдантты: ИРСКнын таасиринен улам сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелди
Бишкекте педофилдердин тобу пайда болдубу? ИИмдин жообу
21.05.2021 | 12:15
Социалдык тармактардагы Бишкекте педофилдердин тобу пайда болду деп таркап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
“WhatsApp мессенджери аркылуу, айрыкча ата-энелердин платформасында шаарда педофилдердин тобу пайда болгону тууралуу жалган маалымат таркап жатат. Маалыматты тактоого, коомчулукту дүрбөлөңгө салбоого чакырабыз. Жалган маалыматтын таркашына жол бербейли. Биз жарандарды такталбаган жана чындыкка дал келбеген маалыматтарды бөлүшпөөгө чакырабыз”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом