Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Пара алууга шектелип кармалган милиция кызматкери ИИМдин 3-башкармалагын жетектейт
11.09.2019 | 11:25
Пара алууга шектелип кармалган милициянын подполковниги Каныбек Абдрахманов Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын башчысы болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Эске салсак, 2017-жылы Абдрахманов пара алып жаткан жеринен кармалган. Аны менен кошо бир нече милиция кызматкери тергөө абагына киргизилген. Эки жыл өткөн соң, сот Абдрахмановду актаган. Ал эми пара алуу боюнча кылмышты башка милиция кызматкери мойнуна алган.
Буга чейин Криминалдык милиция кызматын Акылбек Мамасейитов жетектеген. Ал жакында эле Баткен ОИИБдин башчысы болуп дайындалды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар