Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кытайда белгиленүүчү “Ай майрамына” байланыштуу 13-сентябрдан 15-сентябрга чейин “Эркечтам” жана “Торугарт” көзөмөл өткөрүү-бекеттерине убактылуу чектөө киргизилет.
Каттам 16-июндан тарта көзөмөл өткөрүү-бекеттери жарандар менен транспортторду кадимки тартипте өткөрүп баштайт.