Евразиялык интеграция: жетилгендик экзамени тапшырылды. Андан ары эмне болот?Тоо боорундагы эс алуу күндөрү: кышкы адреналин издеп Бишкектен кайда баруу керек?Кыргызстанда канаттуулардын саны жана жумуртка өндүрүү 40%га өскөнү катталдыШвейцариянын лыжа курортундагы өрттөн ондогон адам каза болдуТелевидение кыргызстандыктардын эс алуусунун негизги түрү бойдон калуудаАйыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон ашты
Жалал-Абадда окуучулар айдоочуларга кат жазып, жол эрежесин сактоого чакырышты
11.09.2019 | 13:24
Бүгүн 11-сентябрда Жалал-Абад шаарында башталгыч класстардын окуучулары айдоочуларга кат жазышып, жол эрежесин сактоого чакырышты. Бул тууралуу облустук Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын ага инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.
Анын айтымында мектеп окуучуларынын каттарын “Жол кыймылынын жаш инспектолору ” айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө окуп берип, унаалардын терезелерине жол эрежелерин сактоого үндөгөн баракчаларды чапташкан.
Аталган иш чара Жалал-Абад шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан уюштурулган “Айдоочуларга кат” аттуу акциясынын алкагында болуп өттү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом