Жалал-Абаддагы «Дина» түнкү клубунун жанында 26 жаштагы жигитти эсинен тангыча сабоого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ШИИБден кабарлашты.
Белгилей кетсек, окуя 9-сентябрда саат 23:30 чамасында болгон. Ур токмоктон катуу жаракат алган Б.М. аттуу жигит облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
10-сентябрь күнү окуяга шектүү катары 22 жаштагы Сузак районунун эки тургуну кармалып, “Ден соолукка оор зыян келтирүү” беренеси менен 2 айга камакка алынган.
12-сентябрда бул окуяга тиешеси бар делинип Сузак районунун дагы 22 жаштагы эки тургуну кармалып, 2 айга камакка алынган.
Жалал-Абад шаардык милициясы буга чейин кээ бир басылмалар жазган “шектүүлөрдүн арасында Сузак районундагы айыл өкмөт башчынын уулу бар” деген маалыматты четке какты.