logo
press@reporter.kg
  • facebook
  • odnoklassniki
  • twitter
  • instagram
  • telegram

Самат Курманкулов реабилитациялык борборго которулат

Самат Курманкулов реабилитациялык борборго которулат

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында башынан жаракат алган Чүй облустук милициясынын  башчысы Самат Курманкулов Москвадагы реабилитациялык борборго которулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматына караганда, Курманкуловдун абалында жакшы жылыштар бар экенин дарыгерлер билдирген. Реабилитациялык борбордун жетекчилиги менен сүйлөшүүдөн кийин бейтап борборго которулмай болгон.

Белгилей кетсек, Курманкуловдун абалын министрлик  көзөмөлгө алган.  Аны дарылоого кеткен каражатты мамлекет төлөп берет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>