Кара-Көл шаарында Нарын дарыясына түшүп кеткен 50 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
24-сентябрь күнү аны издөөгө 11 тартылып, түнкү саат 01:40та маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Ат-Башы районунун Ак-Жар айылында 31-августтан бери дайынсыз жоголгон 77 жаштагы кемпирди издеп жатышат.