Токмокто Ислам академиясы ачылдыТамак-аштагы курттар. Бишкектеги мектепте ызы-чуу чыктыТокмокто дүкөндөрдү тоноп жүргөн жигиттер кармалды10 млрд сомдук империя: «Аю» холдингинин объектилери мамлекетке өттүКыргызстанда койдун жүнүнөн жасалган органикалык жер семирткич сыноодон өттү«Росатомдун» басма сөз кызматынын билдирүүсү
Алдамчылыкка шектелип, беш жылдан бери издөөдө жүргөн депутат кармалды
25.08.2021 | 14:22
Тергөөнүн жүрүшүндө КСДП фракциясынан Талас шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Самидин Жоробеков камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
2017 -жылдан бери Жоробеков алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн.
«Экс-депутат Ж.С. 2017 -жылы алдамчылык жолу менен чет элдик инвесторлордон 7 миллион сомдон ашык суммадагы материалдык мүлктү жана каражаттарды тартып алган. Жыйынтыгында ал КРнын Ички иштер министрлиги тарабынан издөөдө жүргөн. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту экс-депутат “Ж.С.” 2021 -жылдын 18 -октябрына чейин УКМКнын тергөө абагында кармоо түрүндө баш коргоо чарасы тандалды», – деп айтылат УКМКнын маалыматында.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар