Мирланбек Байгончоков Бишкектин экономика жана каржы маселелери боюнча вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу буйрукка калаа башчысы Айбек Жунушалиев кол койду.
Мирланбек Байгончоков 46 жашта. Ал буга чейин экономика жана каржы министринин орун басары болуп иштеп жаткан.
Бишкек шаарында 4 район бар. Биринчи вице-мэрликтен тышкары ар бир багытты тейлеген 4 вице мэрлик орун бар.