Бишкектин айрым аймактарында 4 күнгө газ өчүрүлөтУкук коргоочу Камиль Рузиев Караколдо акча опузалоого шектелип кармалдыМаданият министринин орун басары алмаштыКызыл-Кыяда алдамчылыкка шектелген жаран Бишкектен кармалдыБалыкчы шаарындагы мал базар мамлекетке кайтарылдыТокмокто Ислам академиясы ачылды
Момбеков: мен сабабай эле, мага кол салуу болгон
04.09.2021 | 15:56
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков таксистти сабады деген малыматты жергиликтүү басылмалар аркылуу төгүнгө чыгарды.
“Ал жол эрежесин бузду. “Коопсуз шаардын” камераларынан караса болот. Мен машинеден түшкөн эмесмин”, – деген Момбеков.
Ошондой эле ал 3-сентябрда саат 16.30 чамасында өзүнө кол салуу болгонун белгилеген. BMW машинесинин айдоочусу жолун тороп, терезеден үч-төрт жолу муштаганын айткан депутат муну “шайлоо астындагы чагым” деп баалаган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Буга чейин Чүй, Тоголок-Молдо көчөлөрүнүн кесилишинен жан сакчысы экөөнүн таксистти сабап кеткенидиги боюнча маалымат тарап кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат