Молдокматов жүрөгүнөн операция болгон эмес

Молдокматов жүрөгүнөн операция болгон эмес

Мындай маалымат “Туран” саясий партиясынын социалдык тармактагы баракчасына жарык көрдү.

Анда, “Туран” саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун жүрөгүнөн операция болбогону, бирок, ден-соолугун жакшыртыш үчүн «BICARD» клиникасына дарыланып жатканы айтылат.

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында Жазаларды аткаруу мамлекетик кызматынын басма-сөз кызматы Жеңиш Молдокматовдун жүрөгүнөн операция болгонун, учурда абалы жакшы экени туурасында маалыматтарды тараткан болчу.

Жеңиш Молдокматов СИЗО-1ден №47 абакка которулган. Ага октябрь окуяларында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратын басып алууга аракет кылган деп айып тагып, андан соң айыпты “массалык баш аламандык” беренесине өзгөртүшкөн. Абактан Молдокматов ачкачылык жарыялап, 11 күндөн кийин ооруп калганына байланыштуу токтоткон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>