Erasmus+ программасы жана КРда билим берүүнү модернизациялоо: Европарламенттин делегациясы менен жолугушуунун жыйынтыгыДепутат Болот Ибрагимов Жогорку Кеңештин спикеринин орун басары болуп шайландыКытай — Кыргызстан — Өзбекстан — Тажикстан коридору боюнча биринчи жүк ташуучу поезд жолго чыктыБишкек мэри ЦУМдун жанындагы курулушту буздурууну, ал эми Old Bishkek долбоорун токтотууну тапшырдыЕЭК антимонополдук көзөмөлгө жасалма интеллектти киргизүүнү пландаштыруудаБШК мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулун депутаттык мандатынан ажыратты
Кыргыз милициясы 11,5 млн сомго форма алат
06.09.2021 | 14:17
Ички Иштер Министрлигинин кароол кызматы 11 млн. 521 миң 680 сомго кышкы форма алууга мамлекеттик сатып алуулар порталына билдирүү калтырды.
Маалыматка караганда, кышкы жылуу көгүш түстөгү бушлат 3 млн. 645 миң 300 сомго, милициянын күрмөсү, шымы менен (атайын форма) 5 млн. 469 миң сомго, 1 млн 361 миң 880 сомго млициянын узун жеңдүү көйнөгүнөн, койдун терисинен жасалган атайын тумактан 1 млн. 45 миң 500 сомго алаары жарыяланган.
Негизги талаптары: тигип жаткан кызматкерлердин диплому жана сертификаттарынын көчүрмөлөрү тиркелиши керек.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика