Өкмөт көмүрдү унаа менен сыртка ташып чыгууга алты айга тыюу салдыСадыр Жапаров Пакистандын парламентинин жетекчилери менен жолугуштуБишкектеги Айтматов проспектисинде үч жаңы жер астындагы өтмөк курулатБишкек абанын булганышы боюнча 20-орунду ээледиКыргызстан үчүн деңизге чыгууга жол ачылат. Кыргызстан менен Пакистан дагы кандай документтерге кол койдуСаясат, экономика, энергетика: Жапаров менен Пакистандын премьер-министри кыргыз-пакистан кызматташтыгын талкуулашты
Индонезия: Абактан чыккан өрттөн 40тан ашык адам өлдү – видео
08.09.2021 | 12:01
7-сентябрдан 8-сентябрга караган түнү Индонезиянын Бантен провинциясында Тангеранга шаарындагы түзөтүү мекемесинде чоң өрт чыкты. Бул тууралуу чет элдик beritasatu.com басылмасы жазды.
Түзөтүү мекемелеринин башкы башкармалыгынын өкүлүнүн айтымында, өрт колониянын блокторунун биринде саат 01: 50дө башталган.
Каргашалуу окуянын натыйжасында, алдын ала маалыматтар боюнча, 41 адам каза болуп, 30дан ашык туткун жаракат алган, алардын сегизи оор абалда. Жабыркагандар Тангеран ооруканасына жеткирилген. Калган туткундар өрттөн жабыркабаган блокторго көчүрүлдү. Окуя тууралуу маалымат такталууда.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар