Ысык-Көлдө «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагынын курулушу башталдыКыргызстан Россияда жана Казакстанда логистикалык борборлорду түзөтӨкмөт башчы Ысык-Көлдө курулуп жаткан эки күн электр станциясы менен тааныштыКазакстандык банк Борбордук Азия өлкөлөрүндө ишмердүүлүгүн кеңейтүүнү пландаштыруудаАтайын кызматтарга жана армияга айымдардын көз карашы: Кыргызстанда тарыхый прецедент түзүлдүПрезидент «Корея — Кыргызстан» агрокластеринин параметрлерин жаңылады
Чүй: 8 жылкыны сурап алып, бербей кеткен киши колго түштү
09.09.2021 | 11:59
Жылкыларды алдап алып кеткен киши 7-сентябрь күнү Чүйдүн Сокулук районунан кылтакка илинген. Чүй милициясы бул туурасында билдирди.
Сокулук милициясына М.Н. аттуу жаран анча эмес таанышы анын ишеничине кирип 8 баш жылкыны сурап алган бойдон дайынсыз жок болуп кеткен айтып арызданган. Бул факты боюнча жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издей баштайт.
Иликтөөнүн жыйынтыгында 40 жаштагы Б.М. атту Чүй облусунун жашоочусун колго түшүргөн. Милиция мындан башка да алдамчылык иштерин издеп жатат.
Азырынча жылкыларды ээсине кайтарып бергени боюнча маалымат ачыктала элек.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар