Бишкекте Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналган балет сынагы өтөтСпорт жана жагымдуу эс алуу: Жаңы Бишкектин беш керемети«Манас» эпосу аудиокитеп форматында чыгарыла баштадыБишкекте Asman Airlines авиакомпаниясында иштөөнү каалагандар үчүн Open Day өтөтДааратканаларга да жетишти. Жогорку Кеңеште алардын абалы талкууландыДепутат «Электр станциялары» ААКны Кара-Көлдөн Бишкекке көчүрбөөнү суранды
Бишкектин Дэн-Сяопин проспектисинин түштүк тарабы оңдоо иштерине жабылат
20.02.2026 | 14:42

24-февралдан тарта Бишкектин Дэн-Сяопин проспектисинин Фучик көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейинки түштүк тилкесинде оңдоо иштери башталат. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Оңдоо иштеринен улам 4,458 чакырым аралык убактылуу жабылат. Мэри суу түтүктөрүн алмаштыруу зарылдыгына байланыштуу жумуштар белгиленген мөөнөттөн эрте башталып жатканын билдирди. Ошондой эле жол катмарын алуу, жолду кеңейтүү, бордюрларды жана асфальт катмарын жаңылоо иштери аткарылат.
Графикке ылайык, оңдоо иштери үч этапка бөлүнүп, жолдун участокторун бир айдын ичинде этап-этабы менен ачуу пландаштырылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом