Кыргызстандын товарлары Өзбекстандын рыногуна чыгууда: 500 миң долларлык экспорттук келишимге кол коюлдуДүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну аймактын энергетикалык коопсуздугунун негизги фактору деп атадыМаданият кызматкерлеринин айлыгы 35 миң сомго чейин көтөрүлүп, 117 мекемеге кызматтык унаа берилетСузакта алимент төлөөдөн качкан жаран 1 жылга эркинен ажыратылдыОшто соцтармактарда экстремисттик материалдарды таратууга шектелген жаран кармалдыКыргызстандык мектеп окуучулары эң мыкты дилбаян үчүн Швейцарияга саякат утуп алышат
Нарматованы 10-бөлүм кармаган
10.09.2021 | 10:27
Орозайым Нарматованы Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгы кармаган. Бул туурасында Reporter.kg′ ге ишенимдүү булактар билдиришти.
Азырынча эмне себептен колго түшүргөнү боюнча так маалыматтар чыга элек.
Нарматованы Ош аэропортунан бүгүн таңга жуук кармалганын “Бүтүн Кыргызстан” партиясы тастыктаган. Буга чейин Ош милициясы бул айымды кармабаганын билдирген болчу.
Маалыматтарга караганда, ал Ошко келгенине бир канча күн болгон. Орозайым Нарматова Орусияда иштеген эмгек мигранты. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын алдыңкы ондук тизмеси менен шайлоого аттанган болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат