Иранда өлкөнү башкаруу үчүн убактылуу кеңеш түзүлдүАйпери Медет кызы Албаниядагы рейтингдик турнирде дүйнө чемпионун жеңип, алтын алдыИрандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болдуКооптуу: Бишкекте жарамазан айткан балдарга байланыштуу көзөмөл күчөтүлөтАт-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылдыЖаз: 1-мартка карата аба ырайы
Ысык-Көлдө 600 түк чөп өрттөнүп, эки наристе каза болду
15.09.2021 | 09:48
Ысык-Көл облусунун Сары-Булуң айылында чөп өрттөнүп, эки 6 жана 4 жаштагы кыз менен бала каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-сентябрда аталган айылдын Жаштык көчөсүндөгү турак үйдүн короосундагы чөп күйгөн. Өрттүн кесепетинен эки наристе чарчап калды.
“Жерине өрт өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, саат 15:00дө өрт чектөөгө алынып, саат 17:45те толугу менен өчүрүлгөн. Жалпысынан 600 түк чөп күйгөн”,- деп айтылат маалыматта.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом